Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Аймактын жол тейлөө ишканасынан билдиришкендей, учурда иштер Баетов,

Ынакбеков, жана Манас көчөлөрүндө жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы

15 миллион 300 миң сомду түзөт. Каражат капиталдык салымдардын эсебинен бөлүнүп берилди.