Бишкекте жаңы маршруттук линия пайда болду.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муниципалдык 120-маршруттук такси
каттамга кое берилди. Коомдук унаалар Бугу-Эне-Багыш конушунан чыгып, шаар ичиндеги
Фучик, Москва, Бейшеналиев көчөлөрүнөн өтүп, Чүй проспектисине чыгып, кайра шакекче
түрүндө каттамдарды жүргүзөт. Мындай жаңы маршрутту ишке киргизүү маселеси
жергиликтүү тургундар менен болгон жыйында талкууланган.