Бишкектин Свердлов районунун көчөлөрү жарыктандырылды

Бишкектин Свердлов районунун көчөлөрү жарыктандырылды.

 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, адистер Чоң-Коргон, Жумушчу, Гончарная, Боом, Калымская жана 8-март көчөлөрүндө жаңы чыракарды орнотушту.

 

Андан тышкары №66 мектептин аймагында 400 метр электр зымдары тартылды. Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча жарандардан арыздарды кабыл алуу уланууда.