Бийлик темир жол каттамдарын жандантуу суроосун карап жатат

Бийлик темир жол каттамдарын жандантуу суроосун карап жатат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, эпидемиологиялык абалдын начарлашын алып келбей турган атайын алгоритмдер иштелип чыкты.

 

Ал эми аба каттамдар тууралуу айта турган болсок, бүгүнкү күндө Кыргызстанга 33 мамлекеттин жарандары келе алат.

 

Бул тизме 2 айда бир кайра каралып, абалга жараша өзгөрүүлөр киргизилип турат.