Нарында Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштеп баштады

Нарында Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштеп баштады.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасы Нурбек Козубеков билдиргендей,

Ат-Башы гидроэлектростанциясы реконструкциядан өткөндөн кийин аны пайдалануу

мөөнөтү дагы 40 жылга узарып, жылына электр энергиясын иштеп чыгуу саатына

180 миллион кВт чейин көбөйүп, кубаттуулук 10 пайызга жогорулайт.

Белгилеп кетсек, бул Камбар-Ата-2 ГЭСинен кийинки экинчи энергетикалык долбоор.