Кыргызстанда катталган унаалардын 86 пайызы 2005-жылга чейин чыгарылган.
Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Биздин өлкөдө жалпысынан
1 миллион 80 миң машине каттоого алынган. Алардын 935 миңи чыгарылганы 15 жылдан жогору,
ал эми болгону 7 миң 300 унаа тагыраагы, 0,68 пайызы 2015-жылдан кийин чыгарылгандар.
Ал эми сол рулдуу унаалар 82,5 пайыз болсо, оң рулдуу машинелер 17,5 пайызды түзөт