Кыргызстанда кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт.
Буга премьер-министр Кубатбек Боронов убада берүүдө. Ал белгилегендей,
суунун аз экенине карабай күзгү-кышкы сезонго карата даярдык иштери график боюнча жүрүп жатат.
Ал эми айрым аймактарда жарыктын убактылуу чектелиши электр тармактарын оңдоо иштерине
байланыштуу, — деп кошумчалады өкмөт башчы. Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата
Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 15 миллиард кубометрди түздү.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиардга аз.