Бишкекке азык-түлүк, дары-дармек жана күйүүчү май ташып кирүүгө
тоскоолдук болбойт. Буйрукту Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев
чыгарды. Аталган документтин көчүрмөсүн товар ташуучу айдоочулар
көзөмөл-өтмөктөрүндөгү текшерүүчүлөргө көрсөтүшү зарыл.
Белгилеп кетсек, учурда Бишкекте 120 көзөмөл-түйүндөрү орнотулду.
Шаарга сырттан кирүүгө уруксат жок.