Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы жакынкы аралыкта берилет

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы жакынкы аралыкта берилет.

Буга каржы министри Бактыгүл Жээнбаева ишендирүүдө. Анын айтымында, техникалык процедураларга

байланыштуу кошумча акыны төлөө кечигип жатат. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аймактарда

иштегендиктен, алардын тизмесин, суммасын тактаганга көп убакыт керектелди. Өкмөт тиешелүү

документтерди берсе эле төлөмдөр бериле баштайт. Белгилеп кетсек, буга чейин милиция жана

аскер кызматкерлерине кошумча төлөмдөр үчүн 446 миллион сом сарпталары белгилүү болгон.