Кыргызстандыктарга үй сатып алууда сак болуу сунушталат

Кыргызстандыктарга үй сатып алууда сак болуу сунушталат.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, мындан бир нече жыл мурун өлкөдө турак жай-курулуш кооперативдери пайда боло баштаган.

Алар жарандарды кыска мөөнөттө турак жай менен камсыз кылууну убада кылууда, ошол эле учурда алардын ишинде ачык-айкындык жок жана каражаттын сакталышына кепилдик күмөн. Эгер жарандарга белгилүү бир сумманы инвестициялоо менен 4-6 айдын ичинде турак-жайга ээ болуу убада кылынса, бул этият болууга негиз.

Милиция ушундай жол менен учурда 1,5 миңден ашык адам алданып, келтирилген зыяндын көлөмү 1 миллиард сомго жеткенин билдирди.