Ошто автомектептерге 106 миң сом айыппул салынды

Ош шаарында 22-28-январь күндөрү милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй кемчиликтер аныкталган:

 

— лицензия алуу талаптарын бузгандыгы үчүн 5 протокол;
— камсыздандыруу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол;
— уруксаты жок кошумча жабдыктарды орноткондугу үчүн 1 протокол;
— айдоо учурунда окуу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол.

 

Аныкталган кемчиликтер үчүн жалпы 106 миң 500 сомго айып салынды. ЖКККББ автомектептердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.