Ушул жылдын октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу жалпысынан республика
боюнча мөмө-жемиштердин баасы 7,9 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук
статистикалык комитет билдирди. Баалардын эң жогорку индекси Чүй облусунда (32,6%га)
байкалууда. Жалал-Абад облусунда мөмө-жемиштердин баасы 14% кымбаттады.
6,5%га — Баткен облусунда. Талас облусунда мөмө-жемиштер 2,6%га кымбаттады.
Эң азы (1,7%га) Ысык-Көл облусунда катталды. Ош жана Нарын облустарында
тескерисинче мөмө-жемиштер 3,6% жана 0,1% га арзандады. Бишкек жана
Ош шаарларында да мөмө-жемиштер кымбаттады. Бишкекте – 6%га жана Ошто – 9%га.