Кыргызстанда эми бюджеттик эмес кызматкерлерге да ипотекалык насыя берилет

Кыргызстанда эми бюджеттик эмес кызматкерлерге да ипотекалык насыя берилет.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын директору Элмира Абжапарова билдирди.

Анын айтымында, бул максатта каражат алуу боюнча чет элдик банк менен келишим түзүлдү.

Анын негизинде 10,5 миллион евро берилет. Бул акчанын эсебинен патент менен иштегендерге жана

бюджеттен тышкаркы кызматтагы жарандарга ипотекалык насыя берилет. Каалоочулар өлкөдөгү

белгиленген банктардан 15 жылга чейин 10 пайыздык үстөк менен ала алышат.