Өлкө бийлиги россиялык препараттарды колдонуу менен калкты эмдөөгө даярдык көрүүдө

Өлкө бийлиги россиялык препараттарды колдонуу менен калкты эмдөөгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

 

Өлкө башчы белгилегендей, учурга карата Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан коронавирустан россиялык вакцина өлкөгө каттоосу жок эле алынып келе турган дарылардын тизмесине киргизилди.

 

Жеткириле турган вакцинаны бөлүштүрүү боюнча алгоритм иштелип чыкты, сактоочу жайлар препаратты кабыл алууга даяр. Учурда медицина кызматкерлери аны туура сактоо жана колдонуу боюнча атайын окутуудан өтүп жатат, — деди Жапаров.