Бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас облусунда эттин баасы арзандады

Бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас облусунда эттин баасы арзандады.

Бул тууралуу аймактык кабарчыга сатуучулар билдирди.

«Бүгүнкү күндө уй этинин килограммы 420-430 сомдон сатылып жатат.

Жайында кымбат болуп, 450 сомго чейин чыккан. Азыр мал тоодон түшүп,

семиз мал көп болгондуктан, баасы бир аз арзан болуп, эттин дагы баасын

түшүрүп сатуудабыз. Бирок кайра мал чөп жеп баштагандан тарта кымбат болот.

Койдун этинин килограммы 590 сомдон сатылып жатат.

Фарштын 1 кг 580 сом болуп жатат», — деди ал.