Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык компания тигип берет

Быйыл Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын

курамасынын кийимин кытайлык компания тигип берет. Бул тууралуу

Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда,

алар акысыз түрдө параддык, атайын спорттук кийимди тигип беришет.

Ар бир комплектте дээрлик 20 кийимден болот. Белгилеп кетсем,

ушул эле компания 2018-жылы Жакартада өткөн Азия оюндарына барган

кыргызстандык спортчулардын параддык формасын тигип берген.