№31 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык,
Инженердик долбоорлоо институтунун корутундусуна ылайык,
бала бакча бузулбай, ал капиталдык ондоп-түзөөдөн өтөт.
Бала бакчаны калыбына келтирүү үстүбүздөгү жылы башталат.
Каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилет. Эске салсак,
2019-жылдын 26-ноябрында аталган бала бакчанын шыбы түшүп калган.