Өткөн жылы 9 миң 300 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды.
Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.
Маалыматка караганда, 2019-жылы жалпысынан 498 миң чет элдик
Россиянын жарандыгына ээ болушту. Тизменин сап башында
300 миңге жакын украиналыктар турат.
Ал эми эң акырында 1,5 миң түркмөнстандыктар.