“Инфоком” мамлекеттик ишканасы “Санарип ID” долбоорун жайылтуу ниетинде

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы “Санарип ID” долбоорун жайылтуу ниетинде.

Маалыматка караганда, виртуалдуу паспорт бирдиктүү системада ишке ашат.

Бул смартфондогу паспорт дегенди түшүндүрөт. Анда мамлекеттик кызматтарга,

бейтапканаларга, мектепке онлайн жазылууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле интернет-банкинг кызматы дагы жеткиликтүү болот.

Аталган долбоор ушул жылдын апрель айында ишке кириши күтүлүүдө.

Мындан тышкары мамлекеттик каттоо кызматында дагы мобилдик тиркеме ишке ашат.

Алдыда эмгек китепчеси, айдоочулук күбөлүк жана

унааларды каттоо электрондук системага өткөрүлөт, — дешти мекемеден.