Ордо калаа көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери уланууда

Ордо калаа көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, 7-апрель көчөсүнүн Чүйдөн Кийизбаев

бөлүгүнө чейин түнкү чырактар пайда болду. Жакында эле аталган

жерде веложолчо жана тротуар курулуп бүттү. Ошондой эле

жарыктандыруу иштери Айтматов проспектисинен Семетей

көчөсүнө чейин жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Бишкектеги жарык

орнотулбаган көчөлөр тууралуу катардагы жарандар да

муниципалитетке билдирип койсо болот.