Бишкектин Токтогул көчөсүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, анын Орозбеков-Панфилов көчөлөрүн камтыган тилкеси 27-июлдан 30уна чейин жабык болот.
Бул жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу. Тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.