Ош облусунун кооптуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, эки жарым миң турак жай
көчүрүүгө тийиш, анын жарымы жер тилкесин албагандар, калганы турак-жай
мамлекеттик жардам алып бирок көчпөгөндөр экени аныкталды. Учурда эки миң
үй-бүлөгө эскертүү берилди. Айрымдары чет өлкөдө мигранттар болгондуктан
эскертүү кагаздарын жеткирүү ишке ашкан жок.
Ош облусу боюнча 83 чатыр райондорго жеткирилди