Ордо калаа мэриясы Ибраимов көчөсүндө электрондук унаа токтотмону ишке киргизүү ниетинде

Ордо калаа мэриясы Ибраимов көчөсүндө электрондук унаа токтотмону ишке киргизүү ниетинде.

Анда унаа токтогондо номери жазылып калат, ошондой эле машиненин токтогон жана

жүрүп кеткен убактысы катталат. Төлөм ар бир саатка чегерилет. Мындан кийин

аталган токтотмо жайлар соода борборлорунун айланасында жана унаалардын

массалык чогулган аймактарында уюштурулат. Долбоор качан ишке ашары азырынча белгисиз.