Ордо калаада унаа токтотуучу жайлар белгилүү мөөнөттө акысыз болот

Ордо калаада унаа токтотуучу жайлар белгилүү мөөнөттө акысыз болот.

Калаа бийлигинен билдиришкендей, 1-сентябрдан тартып дем алыш күндөрү

айдоочулар мэрияга тиешелүү жайларга унааларын акысыз токтото алышат.

Ошондой эле муниципалдык унаа токтотуу жайларында мурдагыдай эле

15 мүнөткө жетпеген убакытка токтотуу үчүн, акы чегерилбейт.

Унаа токтотуу жайы муниципалитетке тиешелүү экенин

көрсөтүп турган белги бар. Андагы кызматкерлер сары кийимчен болушат.