Жалпы республикалык тестирлөөгө болжол менен 48 миңдей абитуриент катышат. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Анын айтымында, ЖРТга кошумча каттоо 17 жана 21-майда боло тургандыктан катышуучулардын саны көбөйүшү мүмкүн.
Эске салсак, быйыл ЖРТ 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Негизги жана ар бир предметтик тест үчүн каттоо төлөмүнүн баасы 470 сомду түзөт.