Ош: №42 жатак абагында жыл башынан тарта тогуз тонна кир самын даярдалды

Жарым жылдын ичинде Ош шаарындагы №42 жатак абагындагы атайын цехте тогуз тонна кир самын даярдалды.

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн продукция Юстиция министрлигиндеги мекемелердин керектөөлөрүнө жумшалды.