Сооронбай Жээнбеков чек арадагы көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүн модернизациялоо боюнча документке кол койду

Сооронбай Жээнбеков чек арадагы көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүн модернизациялоо боюнча документке кол койду. Кеп Кыргызстан тарабынан Евразия экономикалык биримдиги боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө болуп жатат.

 

Ага ылайык, Кыргызстандын өткөрүү түйүндөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы талаптарына шайкеш келтирүү мөөнөтү 2021-жылдын 12-августуна чейин узартылды.

 

Буга чейин акыркы дата катары былтыркы жылдын 12-августу көрсөтүлгөн. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.