Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартиби күчүнө кирди

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартиби күчүнө кирди.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Жаңы эрежеге ылайык, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу: жайкы жана кышкы мезгилдерде жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу ЖОЖдорго окутуунун наркын төлөө келишимдери менен жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундар үчүн болот.

Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.