Кыргызстанда балдардын саны 2,3 пайызга көбөйдү

Кыргызстанда балдардын саны 2,3 пайызга көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын башында өлкөдө 18 жашка чейинки 2 миллион 512 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн эркек балдар түздү.

Ал эми 2020-жылга салыштырмалуу балдардын саны 56 миңге көбөйдү.

Кыргызстанда балдардын көпчүлүгү, тагыраагы, 67 пайызы айыл жергесинде жашайт.

Белгилеп кетсек, бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү.

Бул дата дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет.

Анда балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берилип турат.