Эртең, 26-июлда Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун экинчи жарым финалдык беттеши өтөт.
Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жарым финалда Оштун “Алай” клубу менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы оюн өткөрөт.
Беттеш саат 18:00дө башталат.