«Ош» аэропорту Дубайдан биринчи каттамды тосуп алды

«Ош» эл аралык аэропортуна Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарынан биринчи туруктуу каттам келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

 

Белгилей кетсек, Дубайдан Ошко туруктуу каттам тогуз жылдан бери жасалбай келген.
«Биринчи каттам менен Оштон Дубайга 125 адам учуп келип, 12 жүргүнчү учуп кеткен», — деп жазылат кабарда.
Авиакаттамды жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү Fly Dubai авиакомпаниясы аткарып турары маалым болду. Болжолдуу учуу убактысы 3,5 — 4 саат.