Москвадан Тамчы аэропортуна кошумча каттам ачылды. Россиялык авиакомпаниянын учактары аталган багыт боюнча жумасына бир жолу – ишемби күндөрү учат. Январдан тарта Москвадан каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.
Күтүлгөндөй, жаңы жылдан баштап Тамчыга шейшемби жана бейшемби күндөрү дагы учуп келсе болот. Эске салсак, буга чейин Санкт-Петербург – Тамчы каттамы ачылган.