Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү иштеп жатат

Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү иштеп жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, райондук администрация башчылары менен иш тартиби түзүлүп, андан кийин мобилдик бригадалар айылдарды кыдырып, жарандардан азырдарды кабыл алууда.

 

Милициянын көчмө түйүндөрү учурга карата Кара-Суу, Кара-Кулжа, Араван, Чоң-Алай, Өзгөн жана Ноокат райондорунда иштеди. Жарандардан кабыл алынган арыздар тиешелүү органдарга тапшырылды.