Өлкө аймагында кырдаал туруктуу жана толугу менен укук коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө

Өлкө аймагында кырдаал туруктуу жана толугу менен укук коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Мындай маалыматты  ички иштер министрлигинен билдиришти. Кылмыштардын бетин ачуу жана

аныктоо иштери уланууда. Ведомствонун басма сөз кызматынан белгилешкендей, элдик кошуунда

аймактарда да түзүлүп жатат. Алардын өлкө боюнча жалпы саны 10 миңди түзөт. Элдик кошуундар

милиция кызматкерлерине коопсуздукту сактоого жардам беришүүдө. Министрликтен эскертишкендей,

ордо калаа тургундары жана коноктору өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын

талаптарын сакташы зарыл. Ал кечки 10дон таңкы 5ке чейин күчүндө болот.