Караколдо жылуулук сезону башталды

Караколдо жылуулук сезону башталды. Бул тууралуу “Жылуулук” муниципалдык ишканасынын башчысы Камчы Токбаев билдирди. Анын айтымында, быйыл 60 жаңы керектөөчү борбордук системага кошулду.

 

Алар Кашка-Суу кичи районунун тургундары. Учурда Восход, Геолог, Кашка-Суу кичи райондорунун тургундары жылуулукка кезекте турушат. Ишканада көмүрдүн запасы жетиштүү.