Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында жана Чапчыма өтмөгүндө калың кар жаады.
Учурда жеринде жолчулар трассаларды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Айдоочуларга зарылчылык жок болсо, аталган ашуулардан өтүүчү сапарга чыкпай эле туруу сунушталат.