Ош облусундагы «Сулайман-Тоо» коплекси жана Өзгөн музейи оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, тарыхый-археологиялык музейдин имараты,
экспозициялык залдары, туристтик жолдору, жарыктандыруу жана унаа токтотмолору,
эс алуу багы жакшыртылат. Ошондой эле «Өзгөн» археологиялык-архитектуралык музей
комплексинин жаңы имараты курулат. Бул максатта 6 миллион сом багытталат.
Каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берет.