Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук транспорт таңкы 4кө чейин каттайт

Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук транспорт таңкы 4кө чейин каттайт. novosti.kgге Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чечим бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн кабыл алынды.

 

31-декабрдан 1-январга караган түнү ордо калаада автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер бардык багыттар боюнча жүрөт.