Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштады

Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштады.

Күнүнө 1 миллион киловатт саат алынап келинүүдө, — деди энергетика жана

өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев. Анын айтымында, электр энергиясын

алууну тажик тарап өздөрү сунуштады. Кеп, товар алмашуу эмес, сатып алуу

тууралуу болуп жатат. Учурда келишимдер даярдалууда. Кечээтен тартып

түштүк региондорго электр энергиясы бериле баштады. Ошондой эле

Россиядан дагы электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.