Ош облусунун Кара-Суу районунда 11 жаңы мектеп пайда болот.
Аймактык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, объектилердин 3өө
жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Алар Жусуев, Кең-Сай жана Ак-Терек атындагы
билим берүү мекемелери. 3 мектеп жалпысынан 700 окуучуга чакталат. Кошумчаласак,
район боюнча авариялык абалда 15 мектеп бар. Ал эми окуучулардын жалпы саны 78 миңди түзөт.