Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 60 пайызга аткарылды

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 60 пайызга аткарылды.

Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, объекти 375 окуучуга чакталат.

Иштер былтыр башталган. Учурда иштер спорт жана акты залдарында, от казанды орнотуу,

монтаждоо жумуштары жүрүп жатат.  Каржылоо Сауд Өнүктүрүү фондунан алынган

насыянын эсебинен жүргүзүлөт. Долбоорду ишке ашырууга 1,5 миллион доллар багытталат.

Күтүлгөндөй, билим берүү мекемеси 2021-жылы пайдаланууга берилет.