Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда спорттук мектептин курулушу жүрүп жатат.
Учурда темирден жасалган каркас толугу менен даяр. Ал объектинин чатырын
кармоого жана имараттын негизги түзүмү болгонго даярдалды. Мекемеде 3 спорттук зал,
кеңсе бөлмөлөрү болот. Долбоордо тротуар, аянтча, таман таш төшөө жана көк майсан камтылган.
Курулуштун жалпы суммасы 50 миллион сомду түзөт. Иштер жыл аягына чейин бүтүп калат.
Жаңы ден-соолукту чыңдоочу борборго грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону
Раатбек Санатбаевдин ысымы ыйгарылат.