Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштери башталды

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштери башталды.

Жумуштар 1-августта старт алды. Күтүлгөндөй дарыянын жээгинде эс алуу жайы пайда болот.

Ири долбоордун алкагында дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложолчо,

жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралган. Эс алуу жайынын жалпы

узундугу дээрлик 5,5 чакырымды түзөт. Иштер Навои көчөсүнөн Вахапов тилкесине чейин созулат.