Кыргызстан аймагына ташылып келген медициналык жабдууларды каттоо тартиби өзгөрдү

Кыргызстан аймагына ташылып келген медициналык жабдууларды каттоо тартиби өзгөрдү.

 

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, жаңы алгоритмге ылайык, ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келген кычкылтек концентраторлору, жеке коргонуучу каражаттар, пульсоксиметрлер, жасалма дем алдыруучу аппараттар үчүн кошумча бажы төлөмдөрү алынбайт.

 

Кайтарымсыз негизде калкка жардам көрсөтүү максатында ташылган медициналык жабдуулар үчүн жеңилдетилген шарттар өзгөчө режим аяктаганга чейин күчүндө болот.