Ош шаарында коомдук транспорт бүгүн түнкү 12 жарымга чейин иштейт

Ош шаарында коомдук транспорт бүгүн түнкү 12 жарымга чейин иштейт. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, №1,2 троллейбус жана №143, 155, 122, 125, 138, 107, 109, 112-маршруттук таксилер шаар тургундарын түнгө чейин ташыйт.

 

Белгилеп кетсек, Оштун борбордук аянтында бүгүн концерттик программа уюштурулат.