Майрамда «Тазалык» күчөтүлгөн режимде иштейт

Алдыдагы майрам күндөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады.
Негизги майрамдык иш-чаралар болгон «Ала-Тоо» аянтында 60 адам жана 7 атайын техника иштейт.
«Аянттын бардык периметри боюнча таштанды челектери, анын ичинде 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер орнотулат», — деп айтылат билдирүүдө.
Таштанды чыгаруу боюнча маселелер жаралса 0 (312) 34 00 21 номери боюнча кайрылса болот.
Шаар жетекчилиги бул күндөрү «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине жардам катары таштандыларды урналарга таштоону суранат.