Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашов кызмат ордуна кайтып келди

Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашов кызмат ордуна кайтып келди.

Бул тууралуу түштүк калаа муниципалитетинен 24 агенттигине билдиришти.

Калаа башчы белгилегендей, учурда негизги максат – туруктуулукту жана

коопсуздукту камсыз кылуу. Сарыбашов ошондой эле шаардык кеңештин

депутаттары кабыл алган чечимди мыйзамсыз деп жарыялады. Эске салсак,

буга чейин Ош шаардык кеңеш Таалайбек Сарыбашовдун

отставкасына бирдиктүү негизде добуш берген.