Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү

Президент Садыр Жапаров алдын ала пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Садыр Жапаровдун мындай кадамга барышына өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынган.

Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантып, өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Жапаров ушул айдын этегинде Москвага иш сапар менен бара турганы белгилүү болгон.

Ал 10-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу сөз болот.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), жана

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлөт.