Шаардык бийлик Бишкекте коопсуздукту камсыздоого даяр

Шаардык бийлик Бишкекте коопсуздукту камсыздоого даяр.

Мэриянын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, райондук акимиаттар жана

элдик кошуун калаадагы кырдаалды талкуулап, милдеттерин алышты.

Вице-мэр Азиз Алымкуловдун айтымында, милиция кызматкерлери ар бир

райондо коопсуздукту камсыздайт. Аларга элдик кошуун жардам берет.

Ошондой эле милициянын кайгуул кызматына мамлекеттик номуру жок

унааларды кармап, аларды айып короосуна киргизүү тапшырылды.