Аймактык салык органдары ишин штаттык режимде улантышууда.
Кызматтын төрагасы Кабыл Абдалиев билдиргендей, мүлктү коргоо
максатында борбордук аппаратта жана аймактык салык органдарында
күнү-түнү нөөмөт уюштурулду. Салык кызматтары, анын ичинде отчетторду
кабыл алуу процесстери кадимки режимде иштеп жатат.
Жарандарга салык маселелери боюнча маалыматты 116 номеринен алуу сунушталат.